Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Кыргыз-тажик чек арасында кайра чыр чыкканы кабарланууда


"Азаттыкка" жиберилген сүрөт.
"Азаттыкка" жиберилген сүрөт.

Тажикстан менен чектешкен Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда тирешүү болуп, ок атылганы кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысына 4-июндун түнү жергиликтүү тургундар маалымдады.

Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын өкүлдөрү да ок атуу болгонун ырастап, окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок. Алар расмий комментарийди Мамлекеттик чек ара кызматы гана бере турганын билдиришти. Чек арачылардын сөзүнө караганда, жаңжалды токтотуу максатында эки тараптан тең асманга ок атылган.

Алардын айтымында, "Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келди" деп эсептелген үч тажикстандык чек арачы курал-жарагы менен кармалган. "Ушул окуяда тартылган" деген видео Интернеттеги социалдык тармактарга да тарады. Анда кыргызча сүйлөгөн аскер кийимчен, колуна курал-жарак кармаган жоокерлер башка аскер адамдары менен жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот. "Азаттыкка" жергиликтүү тургундар да сүрөттөрдү жиберишти. Анда кармалган тажикстандык чек арачыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы тартылган.

Мамлекеттик чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик азырынча расмий комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG