Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Президенттик аппарат Кытай элчилигине бөлүнгөн жер тилкеси тууралуу үн катты


Данияр Сыдыков.
Данияр Сыдыков.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков 4-июнда президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайда өтө турган мамлекеттик сапары тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Анын жүрүшүндө Сыдыков Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги жайгашкан жер тилкеси тууралуу да түшүндүрмө бергенин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сыдыковдун айтымында, бул жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде 2003-жылы Кытай элчилигинин имараттарын долбоорлоо жана куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген.

"Ошондон бери биздин өлкөбүз паритеттик негизде тийиштүү шарттарда Бээжиндеги биздин дипломатиялык өкүлчүлүгүбүз үчүн жердин ижарага берилиши жөнүндө маселени жигердүү илгерилетип келген. Кызуу сүйлөшүүлөр уланып, Кыргызстандын тышкы иштер министринин Кытайдагы расмий иш сапарынын жүрүшүндө кыргыз дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн 25 сотых жер бөлүү боюнча макулдашуу түзүлгөн. Ошондой эле кытай тарап Кыргызстандын элчилиги жана дипломаттар үчүн үй курууга көмөктөшөт. Бул өкмөт аралык макулдашуу болуп саналат. Ушуга ылайык эки тарап тең өздөрүнүн ички мамлекеттик процедураларын жүргүзө башташкан. Ал аяктагандан кийин тиешелүү макулдашууга кол коюу мерчемделген", - деди Данияр Сыдыков.

Өткөн аптада Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилиги турган 3 гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө макул болгон.

Кытай буга жооп кылып Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам берээри айтылган. Эки тарап тең ал жерди ижара акысын төлөбөй 49 жыл пайдалана алаары кабарланып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG