Ооганстандын борбору Кабулда жардыруудан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Дагы он чактысы жарадар болгону кабарланды.
Ооган коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына караганда, жанкечти дүйшөмбүдө Ооганстандын Уламалар кеңешинин жыйыны өтүп жаткан кезде өзүн жардырып жиберген.
Жардыруудан мурда Уламалар кеңеши жанкечтилердин аракетин айыптаган фатва чыгарган жана Ооганстандагы конфликтти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган.
Жардыруудан канча динаятчы мерт болгону азырынча белгисиз. Окуя үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Ооган полициясынын өкүлү Гафор Азиз жардыруу өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген эки миңге чукул диниятчы, дин жана укук тармагындагы окумуштуулар, мамлекеттик ишмерлер чогулган имараттын кире беришинде болгонун маалымдады.
Кабулда өткөн айларда да террорчулардын чабуулу ондогон кишинин өмүрүн алган.