Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 07:52

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Дастан Догоев Давлетович президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Дастан Догоев 14-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан өз ыктыяры менен кеткен. Кызматтан кетүү чечимин ал жеке жагдайына байланыштуу кабыл алганын маалымдаган. Догоев Мамкаттоонун башчылыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG