Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

"Tengri Music" фестивалы быйыл 50 миңдей көрүүчү топтойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаа кезектеги "Tengri Music-2018" фестивалына камданууда. Ачык асман алдында көрүүчүлөргө классикалык музыканын концертин тартуулаган фестиваль Бишкекте быйыл төртүнчү жылы өткөнү жатат.

Уюштуруучулардын айтымында, 1-июлга пландалып жаткан бул маданий иш-чарада алты өлкөнүн чеберлеринен турган эл аралык оркестр ойнойт. Кыргызстандан ага Чүй камералык, Бишкек мэриясынын чоң симфониялык, президенттик камералык “Манас” жана Улуттук опера жана балет театрынын оркестрлери катышат.

Фестивалдын аудиториясы кеңейүүдө. Алгачкы жылдары 1,5-2 миң адам чогулуп, ачык асман алдында отуруп музыка укса, быйыл 50 миңдей көрүүчү болот деп күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG