Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:23

Дача СУдагы кырсыкка учкучтардын катасы себеп болгону такталды


Дача СУ, учактын үйдүн үстүнө түшкөн бөлүгү. 16-январь, 2017-жыл.

Дача СУ кыштагындагы авиакырсыкка "учактын экипажынын катасы себеп болгон" деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин транспорт боюнча комитетинин жыйынында "Манас" аэропортунун директору Эмир Чукуев билдирди.

Ал эми транспорт министри Жамшитбек Калилов кырсыктан жабыркагандарга кенемтелер толук төлөнгөнүн, анын өлчөмү жарандардын каалоосу менен ачык айтылбаганын кошумчалады.

Былтыр 16-январда эртең менен Дача СУ кыштагына Түркиянын "АСТ Airlines" компаниясына таандык "Боинг" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч курман болгон. Расмий маалымат боюнча, Гонгконгдон Стамбулга жол тарткан учак “Манас” аэропортуна май куюш үчүн токтогону келе жаткан.

Буга байланыштуу калктан да жардам чогултулган. 2017-жылдын март айына карата Дача СУ боюнча атайын эсепке 95 миллион 700 миң сом чогулганы расмий кабарланып, ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу так маалымат берилген эмес. (BkA\ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG