Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

“Манас” аба майданынын жанында 489 гектар жер бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” эл аралык аэропортунун жанында 489 гектар жер бошотулду. Бул тууралуу парламенттин комитет жыйынында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ал жердеги тилкелер 2008-жылы менчикке бөлүнүп кеткен. Бирок акыркы жылдары аэропортту кеңейтүү зарылдыгынан улам бул жер тилкелеринин ээлерине Сокулук районунун Атбашы айыл өкмөтүнүн аймагынан жер бөлүнүп, аэропортко жакын жер бошотулду.

Ашырбаевдин маалыматы боюнча, бул жер тилкелерине Дача СУ жана башка турак үйлөр курулган аймак кирбейт, ал жерлерге курулуш салына элек.

“Манас” эл аралык аэропортунун аянты буга чейин 167 гектар экени айтылчу. Анын жака-белиндеги жер кошулса, бул аянт дагы кеңейиши мүмкүн. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG