Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Президент Гани: Кабулдагы чабуул “исламга каршы”


Ооган коопсуздук күчтөрү жанкечти өзүн жардырган жерге чогулган учур. Кабул, 4-май, 2018-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү жанкечти өзүн жардырган жерге чогулган учур. Кабул, 4-май, 2018-жыл.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани бул тууралуу өзүнүн видеокайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, “өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган динаятчылар менен уламалардын ири жыйынына кол салуу иш жүзүндө пайгамбарга жана исламдын баалуулуктарына каршы чабуул болду”.

Ооган президенти ошондой эле жанкечтилерге каршы фатваны колдоп, “тилекке каршы, Ооганстанга таңууланган согуш күн сайын бейкүнөө балдардын өмүрүн алып кетип жатканын” кошумчалады.

Соңку маалыматтарга караганда, Кабулдагы кечээги жардыруудан он төрт кишинин өмүрү кыйылды, алардын жетөө динаятчылар.

Жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жергиликтүү тобу жоопкерчилик алды, ал эми “Талибан” ага катышканын төгүндөдү.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жанкечти өзүн Кабулдун батышында Ооганстандын Уламалар кеңеши чогулган имараттын кире беришинде жардырып жиберген.

Ага чейин Ооганстандын эки миңдей динаятчысы, уламалары, диний ишмерлери өз жыйынында жанкечтилердин чабуулдарын исламдын жол-жобосуна каршы келген, “арам” деп атаган фатва чыгарышкан.

Алар ошондой эле ооган өкмөтүнө, "Талибанга", башка согушкерлерге кайрылып, ок атышууну токтотууга, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG