Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Садыр Жапаровдун тарапкерлери Жогорку соттун алдына пикетке чыгышты


Жогорку соттун алдында өтүп жаткан пикет. 5-июнь, 2018-жыл.
Жогорку соттун алдында өтүп жаткан пикет. 5-июнь, 2018-жыл.

Жогорку соттун имаратынын алдында ушу тапта камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери пикет өткөрүп жатышат. Алар колуна Жапаровдун бошотулушун талап кылган жазууларды кармап турушат жана үн күчөткүч аркылуу чыгып сүйлөп жатышат. Эркин байкоочулардын эсебинде, пикетке 500дөй адам чыккан.

Жогорку инстанцияда Жапаровдун доо арызын кароону 29-майда баштаган. Ал күнү судьялардын курамы толук келбегенине байланыштуу ишти кароо бүгүнкүгө калган.

Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG