Бул тууралуу Виктор Вексельбергдин “Ренове” компаниясындагы маалымат булактарына таянуу менен “Forbes” журналы кабарлады.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын жазганына караганда, Швейцариянын банктары олигархтын жеке эсептериндеги бир миллиард доллардан ашуун каражатты АКШнын санкцияларына кабылбаш үчүн камакка алышкан.
АКШ Вексельбергди "2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен" деп шек санап, ага каршы санкция киргизген. Бул ишти иликтөөнүн алкагында быйыл май айында Вексельбергди Нью-Йоркто ФБРдин кызматкерлери суракка алганы маалымдалган. (UE)