Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов кайрадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды.
Сурак саат 15:00дө башталганын «Азаттыкка» КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.
18-майда Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган, кийин үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. Бир нече жолу УКМКга сурак берип чыккан.
Тергөөнүн маалыматтарына караганда, ал 2014-жылы калаанын башчысы болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экени айтылууда.
Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес экенин билдирген. (RK)