Москва шаардык соту Роман Сущенкону “тыңчылык кылганы үчүн” күнөөлүү деп, 4-июнда оор тартиптеги абакта 12 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.
Украин президенти Петро Порошенко журналист ойдон чыгарылган айыптардын негизинде соттолгонуна көңүл буруп, “орус сотунун болуп көрбөгөн цинизми Кремль украиналыктардын духун сындыруу аракетин токтотпой турганын далилдеди” деп белгиледи.
Ал эми ЕККУнун медиа эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир сот өкүмүн айыптап, Москваны орус журналистин бошотууга чакырды. Роман Сущенкону бошотууну Орусиядан Журналисттерди коргоо комитети да талап кылууда.
“Укринформ” агенттигинин Париждеги кабарчысы болуп иштеген Сущенко 2016-жылы Москвага келгенде “жашыруун маалымат жыйнап жүрөт” деген шек менен камакка алынган.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы - ФСБ "ал Украинанын Коргоо министрлиги үчүн иштейт жана Орусиянын армиясы, Улуттук гвардиясы тууралуу маалымат топтогон" деп ырастаган.
Сущенко быйыл март айында, сот башталганда эле күнөөсүн моюнга алган эмес. Прокурорлор аны 14 жылга кесүүнү суранышкан.
Журналисттин адвокаты Марк Фейгиндин айтымында, Сущенкого коюлган айыптар саясий жүйөдөн улам ойдон чыгарылган жана сот өкүмү апелляцияга берилет. (UE)