Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

ЖЭБ чуусу: Калиев менен Артыкбаев беттештирилет


Айбек Калиев жана Осмонбек Артыкбаев.
Айбек Калиев жана Осмонбек Артыкбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Айбек Калиев менен Осмонбек Артыкбаевди 6-июнда беттештирип суракка алат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Артыкбаевдин адвокаты Айжан Орозакунова билдирди.

Анын айтымында, Айбек Калиев буга чейин маалымат каражаттарына тараткан маалыматтар чындыкка туура келбейт. “Материалды жайылтууда коомдук пикирге таасир этүү жана чыныгы иштин абалын бурмалап берүү максаты коюлган” деди жактоочу.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев 18-апрелде шектүү катары кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.

Буга чейин Калиевдин адвокаты ЖЭБдин реконструкциясы боюнча долбоорду Калиев эмес, Артыкбаев сүрөгөнүн айтып, экөөнү беттештирүү зарыл экенин айткан.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев мурда энергетика министри болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG