Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:40

АКШ: атайын прокурор Трамптын мурдагы штаб башчысына жаңы айып койду


Пол Манафорт Вашингтондун райондук сотуна келген учур. 23-май, 2018-жыл.
Пол Манафорт Вашингтондун райондук сотуна келген учур. 23-май, 2018-жыл.

АКШда 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө Орусиянын кийлигишүүсү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортко жаңы айып койду.

Мюллердин баамында, Манафорт күбөлөргө таасир этүүгө аракеттенген.

Атайын прокурор сотко жөнөткөн кайрылуусунда камактан күрөө менен бошотулуп, учурда сот жараянын күтүп жаткан Пол Манафорт 2014-жылга чейин иштеген жана Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин кызыкчылыктарын сүрөгөн фирманын адамдары менен байланышууга бир нече ирет аракет кылганын билдирген.

Кылмышка шектүүнүн болжолдуу күбөлөр менен байланышуу аракети анын камактан бошонуу шарттарын бузуу болуп саналат.

Колумбия округунун сотуна жазган катында атайын прокурор Мюллер Манафортту сотко чейин бошотуу жөнүндө чечимди чакыртып алууга же кайра кароого чакырган.

Былтыр октябрда айып коюлгандан кийин Манафорт үй камагына алынган болчу. Ал "арам акчаны адалдаган, чет элдик агент катары катталган эмес, банк жана салык ишинде көз боёмочулукка барган" деп айыпталууда, бирок күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Манафорт 2016-жылдын орто ченинде президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын башчысы болуп бир аз иштеген. Азырынча Манафортко коюлган айыптардын бири да анын ошол ишине тиешеси жок.

Бир катар айыптар Манафорт Украинанын 2014-жылы бийликтен чететтилген мурдагы президенти, азыр Орусияда бозгунда жашаган Виктор Януковичтин атынан иш жүргүзгөн учур менен байланыштуу. Анын иши боюнча сот Вашингтондо 17-сентябрда башталышы керек. (UE)

XS
SM
MD
LG