Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Сапар Исаков УКМКга төртүнчү ирет сурак бергени келди


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сурак бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кирип кетти. Ал мекемеге кирип баратып ошол жерде турган журналисттерге “мыйзамды сыйлаган киши катары ар бир суракка убагында келип жатканын” айтты.

Ушуну менен Исаков ЖЭБдеги иш боюнча УКМКга төртүнчү жолу суракка чакырылды.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн 29-майда Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү ага айыбы угузулуп, "эч жакка чыкпоо" жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген. Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалаган.

17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу айрым аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Ал токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG