Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:48

Бишкекте үч жарым гектар жердин менчикке берилиши боюнча иш козголду


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык прокуратурасы баш калаада үч жарым гектар жердин менчикке берилиши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Тергөөдө аныкталгандай, 2014-жылы Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (азыр “жер ресурстарын башкаруу” деп аталат) Бишкек шаарынын 12-кичи районундагы 3,38 гектар жерди Н.Г. жана К.К. аттуу жарандарга бир жылга пайдаланууга берген.

Аталган участок жалпы пайдалануудагы жер экенине карабай 2015-жылдын 4-декабрында муниципалдык менчик башкармалыгы Бишкек шаардык башкы архитектура ишканасына материал жиберип, жерди иштетүүнүн багытын өзгөртүүнү талап кылат. Өз кезегинде Бишкек шаардык башкы архитектура ишканасынын жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз бүтүм чыгарып, жерди пайдалануу мөөнөтүн узартууга жана “соода, оюн-зоок борборун” курууга уруксат берип койгон.

Ага ылайык, 2016-жылдын февраль айында Бишкек шаарында жерге болгон укукту берүү комиссиясы сөз болуп жаткан жер аянтын пайдалануу укугун узартуу боюнча чечим кабыл алган. Ошого жараша бул жерди беш жылга пайдаланууга берүү тууралуу келишим түзүлгөн. Анын натыйжасында, 2017-жылы жер тилкеси төрткө бөлүнүп, “Б.С.” жабык акционердик коому тарабынан иштетиле баштаган.

Бул факт боюнча козголгон кылмыш иши УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG