Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Казак өкмөтү менингитке байланыштуу жыйын өткөрдү


Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Астанадагы жыйында. 4-июнь, 2018-жыл.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Астанадагы жыйында. 4-июнь, 2018-жыл.

Премьер-министр Бакытжан Сагинтаев Астанадагы бүгүнкү өкмөттүк жыйында Казакстанда менингиттен каза тапкан жарандар көбөйүп жатканына байланыштуу кырдаалды катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ал жарандарга тиешелүү медициналык жардам өз убагында көрсөтүлүшү керек экенин да белгиледи.

Ага чейин казак парламентинин жогорку палатасы Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев "Твиттердеги" баракчасында менингитти жеңүү боюнча кырдаалды “алгылыксыз” деп баалап, тиешелүү министрлик солгун жана чечкинсиз иштеп жатканын жазган эле.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстанда жыл башынан бери менингококк инфекциясынан каза болгондорун саны 12 кишиге жеткен. 4-июндун кечинде Талдыкоргон шаарында бул илдеттен 17 жаштагы жергиликтүү тургун көз жумганы кабарланды.

Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан жыл башынан бери менингитке кабылган 58 киши катталганын билдирген.

Кечээ министр Елжан Биртанов кырдаал көзөмөлдө экенин билдирип, карантин киргизүүгө муктаждык жок экенин айткан.

Менингит - мээ менен жүлүндүн кабыгынын сезгениши. Менингит өз алдынча илдет катары жана башка оорунун күчөп кетишинен да пайда болот. Анын бир түрүн менингококк бактериясы козгогондуктан, жугуштуу оору катары саналат.

(EZK/UE)

XS
SM
MD
LG