Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев менен кошо иштен алынды. Мындан тышкары Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Исмаилов да кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, кызматтык иликтөөдөн кийин жалпысынан 23 адам жазаланды, алардын 13ү бошотулду.
Өткөн аптада Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын ала качып баратып кармалган киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.
Прокуратура милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду, аны атайын кызматтын райондук бөлүмү тергеп жатат.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бурулайдын өлүмүнө жол бергендер катуу жазаланышы зарыл экенин айтып, “милициянын мындай шалаакылыгы, жоопкерсиздиги жана кесипкөйлүктөн алыстыгы элдин нааразылыгын туура эле жаратып жатат. Кыздын өлүмүнө айыптуулардын баарын катуу жазалоону, кызматтан алгандан баштап кылмыш жообуна тартууга чейинки чара көрүүнү талап кылам” деген.
Укук коргоочулар бийлик өкүлдөрүнөн аялдар уюмдарынын катышуусу менен тезинен жыйын өткөрүүнү, объективдүү ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылууну жана бардык күнөөлүүлөрдү калыс жазалоону талап кылышкан. Алар мажбурлап никеге тургузууга каршы күрөшүү боюнча конкреттүү аракеттердин планы жоктугун айтып, аны тезинен түзүү зарыл экенин билдиришкен. (RK)