Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Осмонбек Артыкбаев УКМКга чакыртылды


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакыртылды.

Анын адвокаты Айжан Орозакунова буга чейин Айбек Калиев менен Осмонбек Артыкбаев 6-июнда беттештирилип, суракка алынарын айткан.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев 18-апрелде шектүү катары кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш ишин козгоп, УКМК тергөө баштаган.

Буга чейин Калиевдин адвокаты ЖЭБдин реконструкциясы боюнча долбоорду Калиев эмес, Артыкбаев сүрөгөнүн айтып, экөөнү беттештирүү зарыл экенин айткан.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев мурда энергетика министри болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG