Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Ош аэропорту көчүрүлө турган жер такталды


Ош эл аралык аэропорту.
Ош эл аралык аэропорту.

Ош эл аралык аэропортун башка жакка көчүрүү боюнча жер тилкеси аныкталган. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов билдирди.

Анын айтымында, 500 гектар жер тилкеси Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Мады айыл өкмөттөрүнүн аймагынан каралган. “Тектоникалык жана башка экспертизаларды өткөрүүгө каражат бөлүнбөгөнү үчүн алар бүтпөй турат”, - деп кошумчалады Махаммадов.

Ал эми транспорт министри Жамшитбек Калилов Ош аэропортунун жайгашкан жери өнүгүүгө ыңгайлашпаганын, ошондуктан аны көчүрүү зарыл экенин билдирди.

Депутат Марлен Маматалиев аэропортту курууга жеке инвесторлорду тартууну сунуш кылды.

Ош эл аралык аба майданы - Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал “Манас" эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат. Жылына 9 миңдей каттамды, бир миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлейт. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG