Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Ноокатта чоңдугу куруттай мөндүр жаады


Ноокатта жааган мөндүр. 5-июнь, 2018-жыл.
Ноокатта жааган мөндүр. 5-июнь, 2018-жыл.

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл округунда бүгүн кечке жуук өлчөмү орточо курут менен тең мөндүр жаады. Бул тууралуу ушул айыл аймагына кошулган Ак-Булак кыштагынын тургуну Гапар Мукуш уулу "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, мөндүр бир нече айылдарда дээрлик 20 мүнөттөй жаап турду. Анын кесепетинен аймактагы алма-өрүктөр күбүлүп калган. Бир нече адамдар башы-көзүнө мөндүр тийип, жабыр тартты. Мындан сырткары, үй-жайлардын чатырларындагы шыйпырлар сынды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактагы табигый көрүнүштөн жабыр тарткандар тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин, 5-июнда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн айтып, билдирүү тараткан. Анда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал экендиги айтылган. 5-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экени эскертилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG