Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө мекеменин Байкоочу кеңеши отчет берет.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин маселе Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетте каралган. Жыйынга каналдын жетекчилиги да катышаары күтүлүп жатат.
Өткөн айда Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев телеканалдын башкы директору Илим Карыпбековго ишенбестик көрсөткөн. (NT)