Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

"Amnesty International": Ракка тургундарынын өлүмүнө коалиция күнөөлүү


Раккадагы урандыларды тазалоо иштери. 18- апрель, 2018-жыл.
Раккадагы урандыларды тазалоо иштери. 18- апрель, 2018-жыл.

Былтыр жайында АКШ башында турган эл аралык коалиция күчтөрү Сириянын Ракка шаарын өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтон бошоткону жүздөгөн карапайым жарандардын өлүмүнө алып келди. Бул тууралуу "Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюмунун соңку баяндамасында айтылат.

Маалыматка караганда, коалициянын соккуларынан улам калк жыш отурукташкан аймактар курчоодо калган. Үйлөр жана шаар инфраструктуралары кыйраган. Ошол эле учурда аскерлер “Ислам мамлекети” тобунун жоочулары калаадан чыгып кетишине уруксат беришкен.

Раккадагы сокуулардын 90 пайызы америкалык аскерлерге таандык. Операциялардын калган бөлүгүнө Улуу Британия жана Франция жооп берген. Баяндамада коалициянын чабуулдары тандалма болгону да белгиленген.

"Amnesty International" коалициянын аракети боюнча бир да иликтөө жүрбөгөнүн билдирип, эл аралык укуктун бузулушу жана карапайым жарандардын өлүмү боюнча иш ачууга эл аралык коомчулукту чакырды.

Уюм Ракка шаарынын жашоочуларына кенемте төлөнүшү керек деп эсептейт. Баяндама авторлору Раккага 2018-жылы февралда барып, бомбалоодон зыян тарткан 42 районду кыдырып, аскердик операциядан аман калган 100дөн ашуун күбө менен маектешкен. Уюм жандоочтон тартылган сүрөттөрдү жана башка ачык маалыматтарды да иликтеген.

XS
SM
MD
LG