Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Макмал боюнча сынакты ачык өткөрүү талабы коюлду


Макмал кени.
Макмал кени.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Макмал алтын кени боюнча сынак өткөрүүгө даярдыкты жана жергиликтүү эл арасындагы түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн “Кыргызалтындын” ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйында айтты.

“Кыргызалтындын” жетекчиси Алмаз Алимбековдун айтымында, бүгүнкү күндө Макмал кенинин запастары түгөнүп баратат, бирок “Макмалалтындын” ишмердүүлүгүн сынак аркылуу инвестор тартуу жолу менен узартса болот.

"“Чыгыш" жана "Диорит" шахталарында чалгындоо иштерин жүргүзүш керек, ал жерде 14 тонна алтын жатат деген божомолдор бар. Мындан тышкары 5 тонна алтын жаткан калдык сактоочу жайды да кайра иштетсе болот” дейт Алимбеков

Премьер-министр инвесторду тандоо ачык өткөрүлүшүн талап кылып, келе турган компания жергиликтүү элди иш менен камсыз кылып, ошол аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкудай болушу керек экенин эскертти.

Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” алтын кен комбинатынын аймагына "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар жыл башынан бери бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. 11-апрелдеги нааразылык акциясында ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG