Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:01

Тиешелүү мекемелер менингит оорусуна байланыштуу абал тууралуу Жогорку Кеңешке келип маалымат бериши керек. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова ушундай сунуш киргизди. Ал коңшу Казакстандагы абалдан улам Кыргызстанда кандай сактануу чаралары көрүлүп жатканына кызыкты.

Казакстанда быйыл жыл башынан бери 58 киши менингитке чалдыкты, алардын ичинен 12 адам каза болду. Бейтаптар менен байланышта болгон 4136 адам азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Кыргызстанда менингит оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин “Азаттыкка” Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева билдирди. Анын айтымында, былтыр алгачкы төрт айда 27 учур катталса, быйыл 10 болду. Өлгөндөр жок. Баары айыкты. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG