Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кеткенче чек ара маселелеринин чечилиши тууралуу өкмөттүн маалыматын угушу керек. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров ушундай сунуш кылды:
- Сөзсүз “өкмөттүк күн” өткөрбөсөк болбойт. Каникулга кеткенге чейин. Өзгөчө көңүл бурбасак проблема күчөп баратат. Кошуна мамлекеттер менен делимитация жана демаркация маселеси кандай болуп жатат? Өзбекстан менен делимитация жакшы эле болду, демаркацияны өкмөт качан алып келет? Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы өкмөт аралык комиссиянын иши жөнүндө да жабык болсо да карап чыкпасак болбойт. Бир күн отурушубуз керек. Же кезексиз сессия чакырасызбы, каникулга кеткенче карап чыгалы. Бул шайлоочулардын да талабы.
Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарында такталып бүтө элек тилкелер бар. Ал жерлерде түрдүү чыр-чатактар болуп турат. 4-июнда Лейлекте дагы бир факты катталды. Адам өмүрүнө зыян тийген жок, бирок эки тарап бирин-бири айыптоодо. (RK)