Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:23

Финпол: Мыйзамсыз акча “Росинбанк” аркылуу офшорлорго чыгарылган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аймагында мыйзамсыз табылган акча каражаттарын банктар “Росинбанк” аркылуу офшорлорго чыгарып кеткен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финполиция) басма сөз бөлүмү кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта ал акча Орусиянын мамлекеттик органдарына жасалма документтерди көрсөтүү жолу менен мыйзамдаштырылганы, «Росинбанк» материалдык киреше алып, ага айыппулдарды жана туумдарды кошкондо 1 млрд. 444 млн. сом киреше салыгы кошумча салынганы айтылат.

“Росинбанкка” козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалган банк башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Андрей Гойхман тергөө бүткүчө 1-июнда камакка алынган.

Финполиция билдиргендей, камакка алынган адамга жана банктын башка жетекчилерине Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”), 350-беренеси ("Мамлекеттик документтерди, мөөр, бланктарды жасоо, даярдоо, пайдалануу жана сатуу") жана 183-беренеси ("Кылмыштуу кирешени адалдаштыруу") менен кылмыш иши козголгон.

Буга банктын жооптуу кызматкерлери документтерди жасалмалаганы жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырганы себеп болгон.

Тергөө учурунда “Орусия инвестициялык банкы” (“Росинбанк”) мамлекет аралык кылмыштуу топтун ири суммадагы каражаттарын Кыргызстанга киргизип турганы аныкталды. Алар өздөрүнө жалган фирмаларга эсеп ачып, акчаны Орусия Федерациясындагы банктар аркылуу алып келип жүрүшкөн.

Андан ары салыктан бошотуу жана мүлк кирешесинен чыгаруу үчүн эсепке түшкөн акча "тышкы экономикалык ишмердүүлүк" шылтоосу менен жасалма документтер аркылуу Кыргызстандан сыртындагы жеке жана юридикалык тараптарга которулуп турган.

“Росинбанк” ачык акционердик коому жасалма документтер менен Орусиянын аймагында катталган жана Сейшель аралдарында катталган фирмаларга эсепти 2014-жылы ачкан. Ошондон бери бул компанияларга “Росинбанк” 3 млрд. рублдан ашык (3 млрд. сомдон ашык) акча жөнөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG