Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 04:30

Ноокат районунда жааган мөндүр үч үйдүн чатырын талкалады


Ноокатта жааган мөндүр. 5-июнь 2018-жыл.

Ноокат районунда 5-июнда саат 16:30 чамасында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында үч үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, керектен чыгарган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жааган мөндүр мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө зыян кылган. Айдоо аянттарына жана адам өмүрүнө зыян тийген эмес. Учурда ӨКМдин Ноокат райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү жана жарандык коргонуу комиссиясы жааган мөндүрдүн кесепеттеринен жабыркаган үйлөрдүн санын жана материалдык чыгымдарды тактап жатышат.

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл округунда кечээ кечке жуук өлчөмү орточо курут менен тең мөндүр жааган. Мөндүр бир нече айылдарда дээрлик 20 мүнөттөй жаап турган. Бир нече адамдар башы-көзүнө мөндүр тийип, жабыр тарткан. (KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG