Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Казакстанда менингококк жугузгандардын саны 59 адамга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда менингококк инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 59 адамга жетти, алардын 21и балдар. Ушул күнгө чейин бул илдеттен 13 киши көз жумду. Бул тууралуу 6-июнда Саламаттык сактоо министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Буга чейин министр Елжан Биртанов кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, коомду тынчтандырууга аракет кылган. Бүгүнкү билдирүүдө бул кыш жана жаз мезгилинде өөрчүй турган илдет экени жазылган. Бул ооруну менингококк бактериясы козгоп, жугуштуу болуп эсептелет. Ага менингит, назофарингит, менингококк сепсиси кирет.

Менингит - мээ менен жүлүндүн кабыгынын сезгениши. Менингит өз алдынча илдет катары жана башка оорунун күчөп кетишинен да пайда болот. Анын бир түрүн менингококк бактериясы козгогондуктан, жугуштуу оору болуп саналат.

XS
SM
MD
LG