Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:41

Бишкекте «ЖАШЫЛ upGRADe» экологиялык форуму өтөт


«ЖАШЫЛ upGRADe» экологиялык форумунун эмблемасы.

Бишкекте 8-9-июнда Улуттук китепканада «ЖАШЫЛ upGRADe» аттуу экологиялык форум өтөт. Ага шаар тургундары, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, бийлик өкүлдөрү жана демилгечи топтор катышат. Бул тууралуу "MoveGreen" уюмунун жетекчиси Мария Колесникова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, форумга климаттык жана экологиялык жактан коопсуз шаарда жашагысы келген ар бир шаар тургуну катыша алат.

- Бүгүн биз шаарыбызда унаалар үчүн гана жасалган жолдорду эмес, коляска сүйрөгөн апалар, жөө жүргүнчүлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да ыңгайлуу болгон шарттарды көргүбүз келет. Азыр айрыкча жай айларында бир жерден экинчи жерге баратканда көлөкө издеп каласың.

Форумдун аягында ​резолюция кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик органдарга берилет. Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Бишкек шаардык кеңешин төрагасы Алмаз Кененбаев катышат. (KR)

XS
SM
MD
LG