Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Бээжинде кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин бүгүн Бээжинде сүйлөшүү өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол коюшту.

Мындан сырткары, жолугушуунун алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен документтерге кол коюлду. Алар:

- 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган "Кытай-Кыргызстан" газ куурун куруу жана эксплуатацияга берүү боюнча өкмөт аралык келишимге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосунда тышкы соода-экономикалык кызматташтык аймагы жөнүндө меморандум;

- Адам ресурстары жаатында Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Кытайдын коммерция министрлигинин ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги менен Кытайдын Сапатты көзөмөлдөө башкармалыгы, Карантин жана фитосанитардык инспекциясынын ортосундагы протокол;

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн "Мобилдик госпиталь" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө өкмөт аралык кат алмашуу;

- Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы макулдашуу;

- Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытайдын Радиоберүү жана телевидение иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыктын ортосундагы макулдашуу;

- Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Кытайдын Адам ресурстары жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин ортосундагы меморандум. (KE)

XS
SM
MD
LG