Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

ЭЕ/АР Азербайжан сотунун чечимине өкүнөөрүн билдирди


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Азербайжандын Жогорку сотунун 4-июнда “Азаттыктын” азери кызматынын веб-сайтын жабуу тууралуу өкмөттүн чечимин колдогонуна өкүнүчүн билдирди.

Радиостанция муну сөз эркиндигине кысым катары баалайт жана чечимди өзгөртүш үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттерди уланта бермекчи.

“2014-жылы Азербайжан бийлиги мыйзамдык эрежелерди жана укуктук негиздерди эске албастан, биздин Бакудагы бюробузду жапкан. Ошондо биз жана башка бардык эле эркин жалпыга маалымдоо каражаттары коркунучта экенин түшүнгөнбүз” деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент.

“Бул өз алдынча жалпыга маалымдоо каражаттарын басуу үчүн мамлекеттик бийликти көз-көрүнөө колдонуу” деп айтылат Томас Кенттин билдирүүсүндө.

4-июнда Азербайжандын Жогорку соту 2017-жылы Башкы прокуратуранын “Azadliq.org” интернет сайты “улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат, зомбулукту, жек көрүүнү жана жалаа жабууну үгүттөйт” деген демилгесин колдогон. Жогорку соттун токтому - акыркы чечим.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун интернет-сайтка коюлган бөгөттү алуу боюнча буга чейинки эки жолку сунушу четке кагылган. Бирок Азербайжандын бийлиги өз билдирүүлөрүн ырастаган далилдерди көрсөтө алган эмес.

“Azadliq.org” интернет-сайтына бөгөт Азербайжандагы акыркы паламенттик шайлоо учурунда киргизилген. Жогорку соттун бул жумадагы чечими менен "Азадлыгдан" тышкары, "Мейдан ТВ" жана эки интернет-телеканалга тыюу салынды.

Өкмөттүн чектөө койгонуна карабастан, өлкөдө "Азадлыг" деген ат менен белгилүү радионун Азербайжан кызматы онлайн жана жандооч аркылуу миллиондогон өз аудиториясын жаңылыктар менен камсыз кылган булак болуп келе жатат. 2017-жылы кызматтын "Ютубдагы" жана "Фейсбуктагы" баракчаларындагы видеолору 90 миллион жолу көрүлгөн. Азери кызматы "Инстаграм", "Твиттер" жана "Одноклассники" социалдык түйүндөрүндө да жандуу.

XS
SM
MD
LG