Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 23:09

Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык сотунун жетекчисинин орун басары Адис Момуналиевдин айыбы аныкталса ага карата кылмыш иши козголушу керек деп эсептейт. 5-июнда ал Башкы прокуратурага кайрылып, Момуналиевдин иш-аракеттери боюнча текшерүү жүргүзүүнү өтүндү.

Текебаев Момуналиев “Нур Телеком” (“О!” мобилдик компаниясы) ишканасынан келген жоопту билип туруп иштин материалдарына тиркебей койгонун, ошонун кесепетинен анын күнөөсү жоктугун тастыктоочу далил эске алынбай калганын айтууда.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Жогорку сот алардын өкүмүн күчүндө калтырган.

Соттук териштирүү учурунда Текебаев менен Чотоновду айыптаган орусиялык жарандын 2010-жылы Бишкекте болгон учурунда барган жерлерин аныктоо үчүн анын телефондук сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат алуу үчүн “Нур-Телекомго” кат жөнөтүлгөн.

Текебаев ошол катка келген жоопто анын актыгын далилдөөгө жардам берүүчү маалымат камтылган деп эсептейт. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG