Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Лондондо мейманкана жайгашкан имаратта өрт чыкты


Өрт чыккан имарат.
Өрт чыккан имарат.

Лондондун борборундагы мейманкана орун алган имаратта чоң өрт чыкты. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок жана өрт эмнеден чыкканы да белгисиз. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Найтсбридж районунда жайгашкан Уильям-стрит көчөсүндөгү өрт чыккан имаратка 20 өрт өчүрүүчү машина келди. Окуя болгон жерде "Тез жардам" кызматынын унаалары да турат.

Лондондун өрт өчүрүү кызматынын өкүлү имараттан коюу түтүн чыгып жатканын айтты. Өрт өчүрүүчүлөргө кабар жергиликтүү убакыт боюнча 16:00дө түшкөн. Мейманканага жакын жердеги көчө, ошондой эле Найтсбридж метро станциясы да жабылды.

Өрт чыккан имараттын 12-кабатында беш жылдыздуу Mandarin Oriental мейманканасы орун алган.

XS
SM
MD
LG