Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:12

Балыкчыда таажеңеси сабаган эки жашар бала ооруканадан чыкты 


Балыкчыда сабалган эки жашар наристе. Интернетте тараган сүрөт.
Балыкчыда сабалган эки жашар наристе. Интернетте тараган сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, азыр наристенин саламаттыгы канааттандырарлык. Энеси менен чогуу атасынын туугандарынын үйүндө жашап жатат. "Аны сабады" деген таажеңеси менен анын баласына карата укук коргоо органдарынын тергөө иштери уланууда.

Эне-бала психологдордун жардамын алып жатышат. Балыкчы шаарында эки жашар наристе 27-майда сабалып, ооруканага түшкөн.

Ысык-Көл облустук милициясы баланы таякесинин 33 жаштагы аялы шымына заара кылып койгону үчүн "тарбиялоо максатында" сабаганын билдирген. Наристенин атасы ал төрөлө электе каза болуп калганы, энеси мартта аны Балыкчыдагы келинине таштап, өзү Караколго иштегени кеткени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG