Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

"Бийликти басып алууга аракеттенди" деп камалган саясатчылардын соту уланат


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

"Бийликти басып алууга аракеттенди" деп соттолгон саясатчылардын иши боюнча жараян Жогорку сотто бүгүн уланат.

Камактагы саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши боюнча Жогорку соттогу акыркы жараян 4-июнда болгон. Анда адвокаттар сөз сүйлөгөн.

2016-жылдын мартында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган төрт саясатчыны 2017-жылы 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан, Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.

Соттолгондор өздөрүн күнөөсүз, ал эми кылмыш ишин саясий буюртма деп эсептеп, жогорку инстанцияга кайрылышкан. Шаардык сот мурдагы чечимди өзгөрткөн эмес. Эки жыл ичинде райондук сот да, шаардык сот да бул ишти жабык карады. Жогорку соттогу жараян да жабык өтүүдө. Өткөн аптада коомдук ишмер Дастан Сарыгулов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, кылмыш ишин кайрадан карап чыгып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. (NT)

XS
SM
MD
LG