Украинанын Одесса шаарында украиналык жана советтик кинорежиссер, сценарист жана актриса Кира Муратова 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу "Buro 27/7" басылмасы маркумдун жолдошу Евгений Голубенконун сөзүнө таянып билдирди.
Муратова 1934-жылы туулган. 1959-жылы Москвадагы Кинематография институтун аяктап, 1961-жылы Одесса киностудиясында режиссер болуп иштей баштаган. Сценарист жана режиссер катары 1962-жылы "Тик жар" аттуу кыска метраждуу тасмасын тарткан.
Анын 1960-70-жылдарда тарткан "Кыска жолугушуулар" жана "Узак узатуулар" фильмдери 80-жылдардагы кайра куруу доорунда элге кеңири тараган.
1990-жылы Муратованын "Астения синдрому" тасмасы Берлин кинофестивалында баш байгени жеңип алган. Режиссердун "Шарманка үчүн обон" (2009) жана "Кайра кайта берүү. Кастинг" драмалары (2012) акыркы эмгектери.
Өмүрүнүн акыркы жылдарында Кира Муратова Одессада жашап, иштеп келген.