Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн төрагасы менен жолукту


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Эл өкүлдөрүнүн Кытай жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Эл өкүлдөрүнүн Кытай жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн жалпы Кытай жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолукту. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады.

Жолугушууда Ли Чжаншу Жээнбеков мурда да Кытайга келгенин, ал Кытайдын эски досу экенин белгилеп, аны менен жолугушууга кубанычта экенин айтты. Ал эки лидердин стратегиялык өнөктөштүккө жогорку макам берүү боюнча сүйлөшүүлөрүн белгилеп, ага жогорку баа берди.

- Биз жакынкы кошуна катары биргеликте кызматташтыктын жаңы дооруна чыгабыз, - деди Ли Чжаншу.

Сооронбай Жээнбеков Кытай жетекчилигинин колдоосун сезип жатканын, Кытай Кыргызстандын жакшы өнөктөшү, ишенимдүү кошунасы экенин белгиледи.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков “Эл баатырлары” монументине гүл чамбар коюп, “Кытай темир жол курулуш корпорациясынын” өкүлдөрү менен кездешет.

Жээнбековдун Бээжиндеги мамлекеттик сапары 8-июнга чейин уланат. Андан кийин 9-10 июнда Кытайдын Циндао шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат. (KE/KR)

XS
SM
MD
LG