Быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт. Буга байланыштуу келээрки жылы Бишкекте боло турган саммитти уюштуруу иштери 6-июнда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Бээжиндеги жолугушуусунда сүйлөшүлдү.
Кытайга мамлекеттик сапар менен барган Жээнбеков бул өлкөнүн төрагасын саммит алдында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.
Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Мындан сырткары маданий-гуманитардык, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы алакалар кызматташуунун негизги багыттарынын бири экени белгиленди. Кыргызстандын мамлекет башчысы Кытайдын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүү маселесин карап көрүүнү өтүндү.
Жээнбеков Кытайдагы улуттук азчылыктардын маданиятын өнүктүрүү боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоого жана аткарылып жаткан иштерге, залкар манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча “Манас” эпосунун кытай тилинде опера койгону үчүн Бээжинге ыраазычылык билдирди. Ал мамлекеттик сапары аяктагандан кийин бул операга бара турганын кошумчалады. (КЕ)