Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Кыргызстанда июнда күйүүчү май кымбаттайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күйүүчү май мындан ары да кымбатташы болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул Орусиянын мунай базаларында баа көтөрүлгөнүнө байланыштуу.

“Орусиядагы заводдордо баалар кескин көтөрүлүп кетти. Май айында бензин менен дизелдик отундун баасы 10 пайызга жогорулады. Мындай көрүнүш Кыргызстандын рыногуна да таасирин тийгизип, орточо эсеп менен күйүүчү май литрине 2 сомго көтөрүлдү. Июнь айына карата маалымат алдык. Тилекке каршы, май айына караганда заводдогу баа дагы 2-3 пайызга көтөрүлгөнү байкалып жатат”, - деди Кулов.

Ушул тапта Кыргызстандагы күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 42 сомдон 48 сомго чейин сатылууда.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, акыркы айларда дүйнөлүк мунай базарында баа көтөрүлүп отуруп, акыркы 3,5 жылдан бери алгачкы жолу бир баррель мунайдын баасы 80 доллардан ашып түштү. (BkA)

XS
SM
MD
LG