Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:19

Кыргыз-тажик чек арачылары ок атышпоо тууралуу протоколго кол коюшту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту. 6-июнь 2018-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту. 6-июнь 2018-жыл.

6-июнда Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын делегациясы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Кыргыз делегациясын Мамлекеттик чек ара кызматынын полковниги Уларбек Шаршеев жетектеп барды. Тажикстан тараптын делегациясын УКМКнын чек ара аскерлеринин жетекчиси Ражабали Рахмонали жетектеген. Эки тарап кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулап, кийинки убакта чек арада чыр-чатактар көбөйгөнүн айтып, тынчсызданганын билдирди.

Алар Кыргызстандын Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат айылында 4-июнда болгон окуяны иликтөөдө аскер адамдарынын аракеттери канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонуна баа берилерин айтып, мындай окуялардын алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө сүйлөштү.

Жолугушууда чек арада талаш чыккан учурда такыр курал колдонбоо тууралуу чечим кабыл алынды. Жергиликтүү чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилигине эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү келмейинче кескин чара көрбөө талабы коюлду. Жолугушуунун аягында жетишилген макулдашуулар камтылган протоколго кол коюлду. (KR)

XS
SM
MD
LG