Нарын районунда оорукананын жоктугунан улам бейтаптарга убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй жатат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Алмасбек Акматов айтып чыкты.
Депутаттын айтымында, аталган райондогу оорукана 2002-жылы жабылган. Андан бери район тургундары облустук ооруканага кайрылууга аргасыз болуп, орун жетпей кезек күтүп убара тартып жатканын депутат кошумчалады:
- Республикада 43 миңден ашык калк жашаган бир гана Нарын районунда өзүнүн аймактык ооруканасы жок. Буга байланыштуу райондогу тургундарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү өз деңгээлинде жүргүзүлбөй келет. Учурда бейтаптар облустук ооруканага кайрылып, узак убакытка кезек күтүүгө аргасыз. Ал аз келгенсип бир имараттын ичинде балдар бөлүмү менен жугуштуу оорулар, кургак учук бөлүмү жайгашкан, - деди Акматов.
Ошондуктан өкмөт жетекчилерин бул маселеге көңүл буруп, маселени чечүүгө чакырды.
Дал ушундай эле маселени КСДП фракциясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков да көтөрүп чыкты. (BkA)