Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Ноокаттагы мөндүрдүн кесепети болжол менен 2,79 млн. сомду түздү


Ноокатта жааган мөндүр.
Ноокатта жааган мөндүр.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү кабарлады.

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында 2018-жылдын 5-июнь күнү саат 16:30 чамасында жаап өткөн жаан-чачындын жана мөндүрдүн кесепетинен Кыргыз-Ата айылында үч үйдүн чатыры, Ак-Булак айылында 12 үйдүн чатыры сынган. Жалпы айыл аймагы боюнча 15 үйдүн чатыры керектен чыккан. Андан сырткары мөмө-жемиш, дан эгиндери жана бак-дарактар зыян тарткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокат райондук бөлүм башчысынын орун басары жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды эсептеп чыгышкан. Ноокат райондук жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматына ылайык, 75 гектар мөмө-жемиш дарактары, 13 гектар эгин аянты зыянга учурап, материалдык чыгым 2 640 000 сомду түзгөн. Жалпы айыл аймагы боюнча материалдык чыгым болжол менен 2 796 500 сомго жеткен.

XS
SM
MD
LG