Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Билим берүү министри “Сапат” боюнча түрк элчисине түшүндүрмө берди


Гүлмира Кудайбердиева.
Гүлмира Кудайбердиева.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева “Сапат” билим берүү мекемеси боюнча Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камилге түшүндүрмө берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Айзуура Чыкынова “Азаттыкка” кабарлады.

Түрк элчисине министр аталган мекеменин негиздөөчүлөрүнө Билим берүү министрлиги да кирерин билдирген. Жобого ылайык, жаңы мектеп ачыш үчүн министрликке маалымат берилиши керек. Чыкынова азырынча Балыкчыда жаңы мектеп ачуу боюнча сунуш карала элек экенин кошумчалады.

Ал эми “Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президентинин кеңешчиси Бактыбек Жекшенов Балыкчыда лицей ачууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сунуш кылганын, азырынча маселе бир жактуу чечиле электигин билдирди.

Буга чейин "АКИpress" маалымат агенттиги Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат Балыкчы шаарында «Себат/Сапат» мектеби ачылып жатканына нааразылыгын билдиргенин жазып чыкты. Агенттиктин маалыматына караганда, элчи “бул түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарына терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин" айткан.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген. “Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал “Сапат” болуп өзгөргөн. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG