Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 03:40

Ооган президенти "Талибан" менен утурумдук элдешүү жарыялады


Ашраф Гани.

Ашраф Гани бүгүнкү видеокайрылуусунда билдиргендей, "Талибан" менен ок атышуу орозонун соңундагы Айт майрамына байланыштуу 12-20-июнь күндөрү токтотулат.

Ооган президенти белгилегендей, мамлекеттин коопсуздук күчтөрү бул убакта "Талибандын" согушкерлерине каршы чабуулдардын токтотот. Бирок аскерлер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун, “ал-Каиданы” жана башка эл аралык террордук топторду бутага ала берет.

“Ок атышуунун токтотулушу "Талибанга" анын кыянатчылыгын ооган элинин жан-дүйнөсү жана жүрөгү кабыл албаганын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деп жазды Гани өзүнүн "Твиттердеги" баракчасында.

"Талибандын" өкүлү Забихулла Мужахид бул айтылгандарга карата өз уюмунун реакциясын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдирүүдөн баш тартты.

Жакында бул өлкөнүн Уламалар кеңеши Кабулдагы жыйынында жанкечтилердин чабуулдарын исламдын жол-жобосуна каршы келген “арам” иш деп баалап, атайын чечим чыгарган.

"Талибан" апрелде жазгы чабуулу башталгандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана кызмат адамдарына каршы көбүрөөк кол сала баштады. Жардырууларды “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери да уюштуруп жатышат. Кыянатчылыктын деңгээли Ооганстанда орозо маалында басаңдаганы байкалган жок. (UE)

XS
SM
MD
LG