Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Түркиянын четтеги жарандары шайлоо үчүн добуш бере баштады


Президент Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы, оппозициядагы башкы саясий күч - Республикалык Элдик партиянын (CHP) президенттикке талапкери Мухаррем Инженин шайлоо митингдеринин бири. Стамбул, 3-июнь, 2018-жыл.
Президент Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы, оппозициядагы башкы саясий күч - Республикалык Элдик партиянын (CHP) президенттикке талапкери Мухаррем Инженин шайлоо митингдеринин бири. Стамбул, 3-июнь, 2018-жыл.

Мөөнөтсүз парламенттик жана президенттик шайлоо 24-июнда өткөнү турат. Ал эми 7-июндан 19-июнга чейин Түркиянын чет мамлекеттердеги үч миллиондой жараны добуш бере алат. Четтеги түркиялыктар шайлоого укуктуу калктын беш пайызын түзөт. Булардын жарымына жакыны Германияда жашайт. Алар үчүн Германиянын 13 шаарында шайлоо бекеттери уюштурулду.

24-июнга белгиленген шайлоолордун бири белгиленгенден жарым жыл, экинчиси бир жыл эрте, ага катар өзгөчө абалдын шартында өткөнү жатат. 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген мындай тартип үч ай сайын узартылып, азыркыга чейин сакталып келатат.

Президент Режеп Тайып Эрдоганга бул жолу беш саясатчы атаандаш болууда. Алардын арасында аял саясатчы да бар.

Анкаранын планы боюнча июндагы мөөнөтсүз шайлоодон кийин былтыр апрелдеги талаштуу референдумда жактырылган өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи. Ал референдумду Эрдоган үч пайызга жетпеген гана айырма менен уткан.

Ага ылайык, алдыда Түркияда 1923-жылы республика түзүлгөндө пайда болгон премьер-министрдин кызматы жоюлуп, аткаруу бийлиги да президенттин колуна өтүшү керек. (UE)

XS
SM
MD
LG