Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Жогорку сот “бийликти басып алууга” айыпталган саясатчыларга чечим чыгарды


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

Жогорку сот “бийликти басып алууга аракеттенди" деп соттолгон Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши боюнча өкүм чыгарды. Саясатчылардын арызын караган Жогорку соттун коллегиясы саясатчыларды күнөөлүү деп таап, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 8 жылга, Эрнест Карыбековду 14 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Буга чейин шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга кескен.

Бул саясатчылар менен бирге айыпталган мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөртүүсүз калды. Сот жараяны жабык өттү.

Бектур Асановдун адвокаты Акин Токталиев мындай чечимге нааразы экенин белгилеп, Жогорку сот адвокаттар келтирген далилдерди эске албаганын билдирди.

Аталган төрт саясатчы 2016-жылдын мартында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Соттолгондор өздөрүн күнөөсүз, ал эми кылмыш ишин саясий буюртма деп эсептеп, жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Өткөн аптада коомдук ишмер Дастан Сарыгулов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, кылмыш ишин кайрадан карап чыгып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. (BkA)

XS
SM
MD
LG