Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Белгилүү жазуучулар Олег Сенцовду бошотууга чакырышты


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Америкалык ПЕН- борборунун катынын көчүрмөсү Дүйнөлүк футбол федерациясы - ФИФАнын президенти Жанни Инфантиного да берилген.

- «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы үзүндүсүн жарыялаган катта «көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен эл аралык укук коргоо уюмдары Сенцовго коюлган айыптын саясий жүйөсү бар деп санашат. Ушу тапта Орусия футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө даярданууда. Жакынкы апталарда бүткүл дүйнөнүн көңүлү өлкөдөгү мына ушул окуяга бурулат. Сенцовду колдоо боюнча өнөктүк аны жана Орусиядагы башка ондогон саясий айыпкерлерди кармоонун адилетсиздигине көңүл бурат,- деп айтылат. Кат ээлери президент Путинди «кубаттуу билдирүү жасап, Сенцовду дароо жана эч шартсыз» бошотууга чакырышкан.

Катка 58 адам, анын ичинде Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаттары Жон Кутзее жана Герта Мюллер, жазуучулар Салман Рушди, Жонатан Франзен, Иен Макюэн, Маргарет Этвуд, Пол Остер, ырчы Патти Смит, композитор Стивен Сондхайм, журналист Кристиан Аманпур жана башкалар кол койгон.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымдан 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Ал 14-майдан бери Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап жатат. Билдирүүсүндө башкы талабы катары Орусиянын абактарынан украиналык саясий айыпкерлердин баарынын бошотулуусун атап, алардын санын 64 деп көргөзгөн.

Президент Путинди Олег Сенцовду абактан бошотууга жуманын башында Орусиянын өзүнөн, Санкт-Петербург шаарынын Пен-клубу да чакырган.

Ал эми кинорежиссерду колдогон активисттер 1-2-июнь күндөрү дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде “Олег Сенцовду сактоо” (Save Oleg Sentsov) деген акция өткөрүшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG