Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:00

Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшиндин 7-июндагы билдирүүсүнө караганда, “менингококк инфекциясы менен ооруунун деңгээли артка кайта баштагандай”.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын кабарлашынча, Бекшин бейшемби күнү журналисттер менен жолукканда “бир аптада эле он беш учур, Алматы шаары боюнча 13 учур катталган” деп билдирген.

"Бул илдет эң көп катталган апта (пиковая неделя) болду. Бул быйылкы жыл ичи оору биринчи ирет катталгандан кийинки 17-аптага туура келди», - деп белгилеген Бекшин.

Башкы дарыгер кошумчалагандай, азыр Алматы облусу менен Астанада реанимацияда үч жаш бала кала берүүдө, ал эми буга чейин менингит илдети отуздан ашуун кишиден табылган Алматыда акыркы төрт күндө бир дагы жаңы учур катталган эмес.

Жандарбек Бекшиндин айтымында, 7-июнь эртең мененкиге карата менингит илдети менен буга чейин түшкөн адамдардын 14ү ооруканадан чыгып кеткен, 24 киши дарылануусун улантууда.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 5-июнда жыл башынан бери менингококк инфекциясы 59 кишиден табылган, алардын 13ү каза болгон.

Менингит - мээ менен жүлүндүн кабыгынын сезгениши. Менингит өз алдынча илдет катары жана башка оорунун күчөп кетишинен да пайда болот. Анын бир түрүн менингококк бактериясы козгогондуктан, жугуштуу оору катары саналат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG