Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 15:56

“Жогорку антикоррупциялык сот жөнүндөгү” мыйзам 7-июнда экинчи окууда колго салынганда аны 450 орундуу парламенттин 315 депутаты колдоду.

Мыйзамга ылайык, ал “жогорку адистешкен сот” болуп, Киевде жайгашат жана юрисдикциясы бүткүл Украина аймагына жайылтылат.

Антикоррупциялык соттун түзүлүшү - Эл аралык Валюта кору Украинага насыя берүү улантылуусу үчүн койгон негизги шарттардын бири.

Бул арада 7-июнда Жогорку Рада премьер-министр Владимир Гройсмандын каржы министри Александр Данилюкту кызматтан алуу жөнүндөгү сунушун 254 добуш менен колдоду.

6-июнда Гройсман Данилюкту “биздин эл аралык өнөктөштөр арасында бурмаланган маалымат таратып жатат” деп айыптаган. Өз кезегинде Даниюлук андан “саясий коррупцияны колдоону” же кызматтан кетүүнү суранганын айтып чыккан.

42 жаштагы Александр Данилюк Украинанын салык жана бажы системасын реформалай турган антикоррупциялык чаралары менен таанымал болчу. Эми анын кызматтан алынышы Украинанын чет элдик колдоочулары арасында камтамачылык жаратышы мүмкүн.

Каржы министринин милдетин аткарууга дароо эле буга чейин министрдин биринчи орун басары кызматында иштеген Оксана Маркарова дайындалды. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG